Баткенде өзгөчө кырдаал келип чыккан учурунда алгачкы иш-чаралар боюнча машыгуу өткөрүлдү 

Автор -

2018-жылдын 30-31-октябрында Баткен районунун Төрт-Гул айыл аймагында “Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыкканда элдерди коргонууну уюштуруу” деген темада комплекстүү машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу 2018-жылдын 30-октябрь күнү Төрт-Гул айыл аймагында  Жарандык коргонуунун кызматтары жана Чон-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Машыгуу учурунда элдерди эвакуация кылуу, өзгөчө кырдаалдан жана өрт кырсыгынан жабыркаган окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо  иштелип чыкты.

Өзгөчө кырдаал учурунда өрт кырсыгы катталганда ыктыярдуу өрттөн сактоо кошундары атайын өрттүк шаймандар менен  өрттү өчүрүштү. Ошондой эле айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана Токтогул атындагы орто мектептин кызматкерлерине, окуучуларына өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча КР ӨКМнин Баткен шаардык жана Баткен райондук өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан маектешүү уюштурулуп, нускамалар  таркатылды.

Ал эми, 2018-жылдын 31-октябрь күнү өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюуда айыл өкмөттүк Жарандык коргонуунун  кызматтары менен айыл өкмөттүн кызматкерлеринин арасында киргизүү (вводный) жана билдирүү (донисения) менен штабтык машыгуу өткөрүлдү.   

Аталган машыгуу Баткен райондук Жарандык коргонуунун башчысынын 2018-жылга даярдык планын негизинде өткөрүлдү.