Назарбаев Сауд Арабияны маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш деп атады

Автор -

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Сауд Арабиянын ички иштер министри менен жолугушуу учурунда Эр-Риядды “ислам дүйнөсүндөгү манилүү жана ишенимдүү өнөктөш” деп атады.

Казак президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Назарбаев министр Абдул-Азиз бин Сауд бин Наифке Астананын Эр-Рияд менен саясий жана экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктар экенин айткан. Нурсултан Назарбаев король Салманды жана мураскор ханзааданы Казакстанга чакырган.

Жолугушуу учурунда саудиялык оппозициячыл журналист Хашоггинин өлтүрүшү боюнча сөз болгон-болбогону кабарланган жок.

Жамал Хашогги — сауд арабиялык журналист. Ал 2017-жылы АКШга чыгып кетип, мекениндеги бийликти сындап, макалаларды жазып жүргөн. 2-октябрда түркиялык болочок жубайы менен нике куруш үчүн тийиштүү документтерди алганы падышалыктын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон кайра чыккан эмес. Хашоггинин өлүмүнө шектүү катары Сауд Арабиясында 18 киши кармалган.

Батыш өлкөлөрү жана АКШ журналисттин өлүмү үчүн Эр-Риядга каршы санкция киргизүү ыктымалдуулугун талкуулашууда. Казакстан бул боюнча расмий билдирүү менен чыккан эмес.