Тайванда өткөн «Global Charity Queen-2018» сулуулар сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Калима Алмасбекова мыкты ондука кирди.
Ошондой эле «Мыкты улуттук кийим» номинациясы боюнча 2-орунду багындырды.
Аталган сынактын уюштуруучулары соцтармактарга сүрөттөрүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, сынака дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 50 кыз катышкан. КМШ өлкөлөрүнөн конкурска Өзбекстандан барган Азиза Нурмухамедова да катышкан. Ал «BEST PERSONALITY» номинациясына ээ болгон.