КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.