Бишкектеги ботаникалык бактан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азиат түспөлүндөгү жарандын денесинде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес.
Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери башталды.