Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, толук ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 13-октябрда саат 05:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 6000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.
Унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 2 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылып, саат 13:45де жол каттамы толук ачылды.