Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка чыкты.
Белгилей кетсек, Жээнбеков президент катары юбилейин алгачкы жолу белгилейт.
Бүгүн Президент Жээнбеков кадимки режимде иштеп, расмий жолугушууларды өткөрүүдө.
Сооронбай Шарипович Жээнбеков 1958-жылы 16 — ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.
Эмгек жолу:
Эмгек ишмердигин 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.
1983-жылы К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.
2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер адистиги боюнча аяктаган.
1983- 1988-жылдары – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник.
1988-1989-жылдары – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору.
1989-жылдан 1991-жылга чейин – Ош облусундагы Совет районунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы.
1991-жылдан 1993-жылга чейин – Ош облусунун Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору.
1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.
1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары – Жогорку Кеңештин агрардык саясат Комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.
2005-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.
2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.
2008-жылдан 2010-жылга чейин – жеке ишкер.
2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу, 2010-жылдын сентябрынан тартып – облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, август айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2016-жылдын мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдын 13-апрель айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен.