23-ноябрда көпчүлүк аймакка туман түшүп, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;
Бишкекте жаан жаап, кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын табы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7.