Ош мэриясы: Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын гана жараны

Автор -
252

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын гана жараны. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, мэр 2002-жылы Новосибирск шаарында мигрант катары жүргөн. Бүгүнкү күндө  ал Кыргызстандын гана жараны. Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Россия Федерациясынын жарандыгын алган эмес.

Эске сала кетсек, депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊештин жыйынында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун кош жарандыгын текшерүүнү сунуштаган. 

Бөлүшүү