Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы курултай өтүүдө. Анда саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун ишинин бир жылдыгына карата баяндама жасап жатып, президенттин бир жылдык ишине “аванс менен канааттандырарлык” деген баа берем деди.
Ал буга жүйө катары, Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыкканын, өз алдынча кеткенин айтты.
“Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам — аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Мындай кадам кыргыз менталитетинде – бир жагынан “ичкен кудугуңа түкүрбө” болсо, экинчиси – “бир адамдын, бир партиянын жетеленме президенти эмес, нукура элдик президент болуу” деп кабыл алынды”, -деди Бекназаров.
Иш-чарада жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер да бар.