Лейлек районунда жайытка жылкы издеп чыгып кеткен 52 жаштагы киши изделүүдө

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К. М. аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип, дайынсыз жок болууда.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 2-декабрь күнү саат 11:10до Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Издөө-куткаруу отрядынан 11 куткаруучу, саат 12:10до КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынан 3 кызматкер, КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 кызматкер, КР ӨКМнин №31 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн(АӨКБ) 5 куткаруучу, КР ӨКМнин №26 АӨКБдан 1 куткаруучу, жалпы 25 куткаруучу тартылып, бирок  табылган эмес.

Куткаруучулар жеринде чатыр тигишип түнөккө калышкан. Издөө-иш чаралары бүгүн, 3-декабрда да улантылат.