Бишкек шаарындагы Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ош базардын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кечээ, болжол менен түнкү саат 23:39дар чамасында өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат жалпысынан 6 бөлүм, Штаб жана КБП тартылган. Ошондой эле ИИМнен кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада жана тазалык ишканасынан 1 водовоз тартылган.
«Ош базардын аймагында чыккан өрт саат 00:52 чектөөгө алынып, өрт саат 03:31де толук өчүрүлгөн. Кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн», — деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.
Учурда өрттүн себеби такталууда.