5-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болушу мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Борбор калабызда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +5…+7.