Сузак районунда үйдүн ээси мас абалда өз үйүн өрттөп салды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Масадан айылынын Жунусалиев көчөсү №20 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен үйдүн 42 чарчым метр жыгач шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.