Жабырлануучулар Бурулайды ала качкан Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты

Автор -

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү болду.

Анда жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова жана Назира Абдумуминова соттолуучу Марс Бөдөшевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты.

Айыптоочулар шектүүлөрдүн күнөөсү толук далилденгенин билдирип, Марс Бөдөшевге ала качуу жана киши өлтүрүү боюнча 23 жыл күчөтүлгөн абалда жаза өтөөсүн соттон суранды. Ал эми досу Акмат Сейитовго ала качуу жана кылмышка көмөк көрсөткөндүгү боюнча жети жыл сурады

Белгилей кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй ОИИББдин жетекчиси баш болуп 23 кызматкер жазаланган.

20 жаштагы Бурулайдын жаркын элесине арналган кыска метраждуу тасма тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү