Назарбаев: «Путиндин Украина жерин тартып алуу ниети жок»

Автор -

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин Украинаны басып алуу «каалоосу жок экенин» билдирди.

«Путиндин Украинанын чыгышындагы бир бөлүгүн тартып алуу каалоосу жок экенин билем. Эмнеге? Азыр Орусия дүйнөдөгү эң чоң аймакка ээ», — деди Назарбаев. Казак мамлекет башчысы «Украина үчүн тынчсызданып жатканын» айтып, «Орусия менен Украина ортосундагы буга чейинки мамилелердин калыбына келишин» каалай турганын кошумчалады.

Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин начарлап кеткен. Андан бир аз мурда евроинтеграцияны колдогон акциялардын жыйынтыгында Украинанын орусиячыл президенти Виктор Янукович бийликтен кеткен. Жарым аралды басып алгандыгы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондугу үчүн Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизген.

Казакстан президенти Москвага каршы киргизилген санкцияларды контрпродуктивдүү деп атады. «Азыркы санкциялык шартта орус эли адатынча күчүн топтоп, алдыга кетүүдө. Бул бизге да пайда алып келип жатат, Орусияга айыл-чарба азыктарын көбүрөөк жеткире баштадык, соода көлөмү көбөйүүдө», — деди Назарбаев.

Расмий Астана Крымды Орусиянын бир бөлүгү деп тааныган эмес. Казакстан Украина менен дипломатиялык, экономикалык жана маданий байланыштарын улантып, ошол эле маалда Орусиянын жакын өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда.

Казакстан Орусия үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык биримдикке, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө.