Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары жана окурмандары катышты.
Андан тышкары, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун, 1930-жылдардагы репрессия менен 2010-жылдагы Элдик революциянын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбарлар коюлуп, маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.
































