Ысык-Көлдөгү пансионатта ишкердин унаасын өрттөгөндөр кармалды (фото)

Автор -

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери 2015-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган кылмыш иштин бетин ачышты.

ИИМдин басма сөз кызматы 13-декабрда маалымдагандай, 2015-жылы июль айында Ысык-Көл районунда жайгашкан «Дельфин-де-Люкс» пансионатында белгисиз жарандар борбордун тургунуна таандык «Мерседес-Бенц G-500» унаасын өрттөп кетишкен.

Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмү (Билип туруп мүлктү жок кылуу) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында бул кылмыш иш буюртма мүнөзгө ээ жана криминалдык структуралардын кысымы бар экендиги аныкталган.

«Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө криминалдык милициянын кызматкерлери буюртма берген иштин аткаруучусун аныкташкан. Ал учурда башка кылмыш үчүн жазасын өтөп жаткан Б.А, экени аныкталган. Ал унааны өрттөп жиберүүгө шектүү деп эсептелинүүдө. Ушул жылдын 11-декабрында кылмышка шектүү делип, 1979-жылы туулган А.Т., кармалган. Ал 2010-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 15 жылга эркинен ажыратылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын маалыматына караганда, А.Т., ИИМде Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал Москвадагы кыргыз диаспорасынын «положенеци» болуп саналат. Мындан тышкары, учурда ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү менен козголгон кылмыш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук процесстер жүргүзүлүүдө.