Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды.
Президент бул кылмышка тиешелүү баарын жоопко тартуу керектигин белгиледи. Министрдин ишиндеги кемчиликтерге карабай Коопсуздук жыйынына келип алганын сынга алды.
6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.