17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 17-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+6, күндүз 0…+5,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 0…+6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус болот.
17-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот.