Президент маалымат жыйын өткөрөт

Автор -

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында расмий киришкен. Анын өлкө башчылыгына келгенине бир жыл болду. Ал массалык маалымат каражаттарына биринчи жолу жыйын өткөрөт.