Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков төрт мектептин директорун Египетке эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасында маалымдады.
«Ɵткɵндɵ Жумгалдык 6 жетекчиге Дубайга жолдомо ыйгардым эле. (4 мектеп директору, 1 айыл ɵкмɵт, 1 айылдык кеңештин тɵрагасы). Бирок, алар Дубайга эмес, 2 күн мурун Египетке кетишти. Себеби, 2 директорубуздун жалпы жарандуулук паспорту мɵɵнɵтүндɵ бүтпɵй, Дубайга виза ачууга кечигип калдык. Алар Дубайга 6 күн эс алышмак, а Египетте 10 күн эс алышат . (16-декабрдан 26-декабрга чейин). Эс алуу ойдогудай ɵтсүн жердештерим»,-деп жазган эл өкүлү.