Чаткал районунда кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калды

Автор -
267

ӨКМдин маалыматына ылайык, 18-декабрда саат 06:40 чамасында жааган кардын кесепетинен Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 90-100-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 1000м3 кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кар көчкүнү тазалоого  №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 3 бульдозер, 1 грейдер жана 16 кызматкер тартылган.

Учурда жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.