Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду.
Чечимдин долбоору 2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштары жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып иштелип чыккан.