«Газпром Кыргызстан» ишканасы авариялык-оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектеги Кызыл курулуш жаңы конушунда 17-21-декабрда жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.