«Манас» аба майданынын айланасындагы тумандан улам бир канча каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түрк жана кытайлык түнкү авиакаттамдар кийинки кечки убакытка жылдырылды. Стамбулдан келген каттам Бишкекке саат 14:55те келиши күтүлүүдө.
«Шарм-эль-Шейхтин чартердик каттамы план боюнча аба майданга саат 9:00дө конот»,-деп айтылат маалыматта.