Рыскелди Момбеков Улуттук коопсуздук комитетинин медалы менен сыйланды

Автор -
316

КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга кошкон салымы үчүн «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.

Медалды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков тапшырды. Ал Рыскелди Момбековдун өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жаатында жигердүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн сыйлыкка татыктуу болгонун баса белгиледи. Ал эл өкүлүнүн ишине ийгиликтерди каалап, мындан ары да өлкө коопсуздугу үчүн кызмат кыла беришине тилектештигин билдирди.