Каракол шаарында 82 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду

Автор -

Каракол шаарында 82 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Пристань-Пржевальск шаарчасы, Киров көчөсү №21 дарегиндеги 4 кабаттуу турак үйдүн батиринин  аянты 20 чарчы метр болгон бир бөлмөсү толугу менен күйгөн.

Өрттүн  кесепетинен 1936-жылы туулган И.В. аттуу аял түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.