Сооронбая Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Казакстан Президентин жана боордош Казакстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.
Мамлекеттердин башчылары быйыл кыргыз-казак кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.