29-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус жылуу болот.