Дача-Судагы курман болгондор эскерилди (фоторепортаж)

Автор -

Кубатбек Боронов 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылында  «Боинг-747»  жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында  «Боинг-747»  жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны.