Аба ырайы: Күн 12 градуска чейин жылыйт

Автор -

18-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 секундасына метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 8…13,

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -10…-15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 10…12 градус болот.