Акыркы 8 жылда 17669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган

Автор -

Жогорку Кеӊеште миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угула баштады. Жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2017-2018-жылдары 7413 адам Кыргызстандын жарандыгын алган: 2017-жылы – 4793 адам, 2018-жылы – 2620 адам. “Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон, анын ичинде: 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай. Ал эми акыркы 8 жылда 17669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган, анын ичинде 60 кытай жараны бар”, — деди ал.

Андан тышкары, 2017-жылы 236 адам, 2018-жылы 352 адам Кыргызстанда жашап турууга уруксат алганы, быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16490 квота каралганы, анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагы адамдарга берилгени белгилүү болду.

Бөлүшүү