Президенттин айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо КСДП эл ишеним арткан партия экенин көрсөттү.

Бул тууралуу ал Орусиянын Интерфакс маалымат агенттигине берип жаткан маегинде айткан.

“Ар бир өнүккөн, демократиялык өлкөдө алдыңкы партиянын өкүлдөрү башкаруу кызмат орундарын ээлегени — кадимкидей эле көрүнүш. Буга мисал катары ЕБ, АКШ мамлекеттери саналат. 2015-жылдагы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча КСДП партиясы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон. Ошондуктан, партия өлкөдө болуп жаткан баардык көрүнүштөргө жоопкерчиликти өзүнө алат”, -деди президент.

Кыргызстандын жогорку бийлик бутактарын КСДП партиясынын өкүлдөрү ээлеп алганына оппозициялык саясатчылар нааразылыгын билдирип келет.