Атайын эсепке УКМК 46 млн сом акча которду

Автор -
374

Атайын эсепке УКМК 46 млн сом акча которду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, 22-январында КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 46 млн. 909 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 241 млн. 815 миң 287  сомду түздү.