Армения өкмөтү 5-май күнү Тоолуу Карабакты көз карандысыз республика катары таануу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Тийиштүү документти Армениянын ТИМ жетекчисинин орун басары Шаварш Кочарян өкмөттүн кароосуна сунуштаган.

Мыйзам долбоору Армения парламентинин оппозициячыл депутаттары тарабынан иштелип чыккан. Долбоорду парламент кароосуна кезексиз жыйында 10-майда карашы күтүлгөн. Бирок армян өкмөтүнүн пресс-кызматы кабарлагандай, мыйзам долбоору күн мурунтан четке кагылган. Чечим Армения менен Тоолуу Карабак ортосунда талкуулангандан кийин гана кабыл алынат.

Азербайжан тышкы иштер министрлиги муну чагымчыл аракет катары баалап, эл аралык нормаларга дал келбестигин айтууда. Баку Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагына кирерин, бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы менен бекитилгенин белгилейт.

Армения парламенти Тоолуу Карабактын көз карансыздыгын таануу боюнча долбоорду 2009-жылы эле көтөтрүп чыккан. Бирок көпчүлүк депутаттар тарабынан ал четке кагылган эле. Бүгүнкү күндө Тоолуу Карабакты көз карансыздыгын тааныган өлкөлөр: Абхазия, Түштүк Осетия, Приднестровье (таанылбаган республикалар) жана 7 Америка штаты.

Армения президенти буга чейин эгер Тоолуу Карабакта согуш тутанып кетсе, анда көз карансыздыгын тааный тургандыгын билдирген эле.

Тоолуу Карабах аскерлери

Тоолуу Карабакта жаңжал ушул жылдын 2-апрелинде башталып, 5-апрелде ок чыгарбоо келишимине жетишилген.  Эгерде Тоолуу Карабах маселеси чечилбесе, Кавказдагы чоң согушка алып келиши мүмкүн деп дүйнөлүк эксперттер эсептешет.

3-майда чыккан ок атышуудан бир Азербайжан аскери набыт кеткен. Азыр абал чыңалып турат.