Ош шаарында Моминов кыска көчөсү №10. Турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган Н.В. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.