25-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

25-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.  Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.