Эртеӊ, 30-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12,
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 10…12° болот.