Кыргызстан коррупция индексинде 132-орунга чыкты

Автор -
364

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген «Transparency International” уюму жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Кыргызстанды 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга жайгаштырды.

Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстан дээрлик бирдей упай алып келет:

  • 2015: 28 балл, 123 орун
  • 2016: 28 балл, 136 орун
  • 2017: 29 балл, 135 орун
  • 2018: 29 балл, 132 орун

Иликтөөнүн авторлорунун белгилешинче, 30 баллдан төмөнкү көрсөткүч өкмөт коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керек дегенди билдирет.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан Кыргызстандан алдыда, 124-орунда. Тажикстан Кыргызстандан кийин 152, Өзбекстан 158, Түркмөнстан 161-орунга коюлган.

«Transparency International” өзүнүн жаңы баяндамасында Борбор Азия менен Чыгыш Европада, мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу ишинде олуттуу жылыш жок болуп, бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жатканын белгилейт.

Эң мыкты көрсөткүчө Дания ээ болгон, экинчи орунда Жаңы Зеландия турат. Үчүнчү орунду Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария бөлүшүп алды. Эң төмөнкү балл Түндүк Корея (14), Йемен (14), Түштүк Судан (13), Сирия (13) жана Сомалиге (10) таандык.

«Transparency International” иликтөө өткөрүлгөн жана сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупция көрсөткүчтөрүн 0дөн 100 упайга чейинки ченем менен эсептейт.

Мында нөл упайлык көрсөткүч мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээли абдан жогору, 100 упай абдан төмөн дегенди туюндурат.

Бөлүшүү