31-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

31-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт.  Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3.