Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында 1нен 7-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
1-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
2-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 2-февралда күндүз жана 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
3-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.
4-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
5-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
6-февралда көпчүлүк аймактарда, 7-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
1-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
2-3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
1-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
2-3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.