-50 градус суук. Чикагодогу кыргыздардын абалы кандай? (Видео)

Автор -
1618

АКШда метеорологдор катуу суук тууралуу эскертишти. Өлкөнүн айрым аймактарында температура — 53 Цельсий градуска төмөндөшү мүмкүн. Ызгаарга Түндүк уюлдан келген суук аба себеп болгону айтылууда.

Кыргызстандык журналист Гүлайым Мурзаева Американын Чикаго шаарындагы кыргыздардын абалы менен танышып келди.

Журналисттин айтымына караганда, сырттагы суукта болгону 10 мөөнөт жүрүүгө болот.

Ал жакта иштеген ишкер Жуман Кеӊеш Чикагодо ызгаар учурундагы шарттар тууралуу айтып берди.

Массалык маалымат каражаттарына:

Видеону автордун уруксаатысыз колдонууга тыюу салынат.

Метеорологдор аба-ырайынын кескин өзгөрүшүн Түндүк уюлдагы күтүүсүз жылуулук менен түшүндүрүшүүдө. Мароккодон келген жылуу фронттон улам, муздак аба түштүктү көздөй каптаган. Окумуштуулардын пикиринде, глобалдык жылуулуктун натыйжасында жер шарында кыш мындан да катаал боло башташы ыктымал.