Көлмөгө түшүп кеткен 15 жаштагы бала куткарылды

Автор -

Аламүдүн районунда көлмөгө түшүп кеткен бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-январь күнү саат 14:25 чамасында 2004-жылы туулган  М. С. аттуу бала Ленин айылынын Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө ойноп жатып сууга түшүп кеткен.

«КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге жетип барышып, баланы суудан аман-эсен алып чыгышкан. Учарда абалы канааттандыраарлык»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү