Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road-2019 аттуу марафону өтөт. Бул тууралуу Спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, марафон ушул жылдын май айында Ысык-Көл шаарында өтөт.
Эске салсак, 2018-жылы Кытайдын Куньмин шаарында ШКУнун үчүнчү марафону өткөн болчу. Иш-чарага дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн 20 миңден ашык киши катышкан.