Өзбекстан Як-130 учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Автор -

Өзбекстан Як-130 аскердик-машыгуу учактарын сатып алуу боюнча Орусия менен сүйлөшүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы билдирди.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстан Коргоо министрлиги Иркутск авиациялык заводунда чыгарылган Як-130 учагына кызыгуусун билдирген. Бирок сүйлөшүүлөр жаңы гана башталды.

Як-130 учкучтарды аскердик даярдыктан өткөрүү жана абадан сокку уруу үчүн колдонулат. Буга чейин бул учакты Бангладеш, Мьянма, Белорус жана Лаос мамлекеттери да сатып алган.

Өзбекстандын 2019-жылдагы мамлекеттик программасынын долбоорунда Коргонуу борборун түзүү, 2021-жылга чейин аскерлерди заманбап куралдар жана аскерди техникалар менен камсыздоо каралган.

Эл аралык Military Strength Ranking – дүйнөдөгү күчтүү армиялардын 2018-жылдагы рейтингинде Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен суурулуп чыгып, 39 катарда жайгашты. Ага ылайык, өзбек армиясында 420 танка, 715 БТР менен БМП, 880 артиллериялык курал, 179 учак жана тик учак бар. Жоокерлердин саны – 76 500 миң киши, коргонуу тармагынын бюджети – 70 миллион доллар.

Бөлүшүү