6-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

6-февралда абанын температурасы кескин төмөндөп кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -5…-10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Нарын жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -8…-13,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -12…-17 градус болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18°

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -7…-9 градус болот.