Кытайдын жараны ЕАЭБтин аймагынан 1000 ашык почта маркаларын чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын КжБЭБККБнын кызматкерлери тарабынан 31-январда болжол менен саат 10:00 “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан Бишкек-Урумчу багыты боюнча рейси менен уча турган М.М. аттуу Кытай Эл Республикасынын жаранын текшерип кароо учурунда кол жүгүндө 6 альбомдо 1377 шт ар кайсыл мамлекеттин ар кайсы жылы чыгарылган почта маркалары табылган.
Бул факт 2019-жылдын 31-январь күнү Малыматтарды каттоо журналына катталып, материалдар Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн КРӨгө караштуу ЭКККМКнын тергөө башкармалыгына тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.