Саламаттыкты сактоо министри: Мен унааларды өзүм алган эмесмин

Автор -

Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Улан Примов саламаттыкты сактоо министрине кызматтык унаасынан баш тартууну сунуш кылды.

«Сиздин кызматтык унааңыз катуу талкууга алынды. Буга бир гана депутаттар эмес, эл да нааразычылыгын билдирди. Сиз, министр катары кандай сынга кабыларыңызды билип туруп унаадан баш тартсаңыз болмок. «Тез жардам» унааларынын абалы начар, ошол кызматтык унаага кеткен акчаны материалдык техникалык-базаны, гемодиализ аппараттарын алууга жумшасаңыз болмок«, — деди Примов.

«Мен ал унааны өзүм алган эмесмин. Унааны сатып алуу долбоордун алкагында ишке ашкан», — деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.

Бөлүшүү