Кечээ, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңеши тарабынан жүргүзүлгөн иштердин бир жылдык жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү.
Маалымат жыйыны 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктарына арналды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө бир топ иштер аткарылганын билдирди. Жалпысынан өткөн жылы коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголгон. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке зыян келтирүүнүн суммасы 6 млрд 927 миллион сомду түзгөн.
Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштерине токтолуп, кенен маалымат берди.
Ал коррупция фактысы боюнча чуулгандуу кылмыш иштерин атап, мамлекетке миллиард сомдук зыян келтирүүлөр менен ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, буга ири саясий кызмат адамдары катышканын айтты.
Маалымат жыйынын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.